Бишкек шаарында быйыл жалпы аралыгы 35 чакырымдык веложол курулат. Ошондой эле, унаа токтотуучу жайларды жакшыртып, шаардын борбордук бөлүгүндө алардын акысын жогорулатуу максат кылынууда. Сейил бактарды курууга өзгөчө көңүл бурулат. Мындан сырткары 50 чакырымдан кем эмес жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор оңдолот.
Унаа токтотуучу жайларды жакшыртууну Бишкек мэриясы быйылкы жылда аткарыла турган негизги иштердин катарына кошууда. Ошону менен бирге калаанын борбордук бөлүгү болгон Айтматов - Жибек Жолу - Ибраимов - Ахунбаев көчөлөрүнүн аралыгында унаа токтотуунун акысын жогорулатуу максат кылынып жатат.
Борбор калаада быйыл жөө жүрүүчүлөр үчүн жолдорду оңдоого да өзгөчө көңүл бурулат. 2019-жылы жалпы Бишкек боюнча 24 миң чарчы метр тротуар оңдолсо, эми 80 миң чарчы метр аянт оңдоодон өтөт. Бул үчүн 100 миллион сом сарпталат.
Бишкекти эл эс ала турган, калаа тургундары менен меймандарга ыңгайлуу шаарга айлантуу үчүн бардык шарттар каралууга тийиш. Айдоочулар, жөө жүргүнчүлөр менен бирге велосипед менен жүрүүгө да жаңы жолдор салынат.