Эртең, 15-январда өлкөнүн айрым райондорунда кар жаайт, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым райондордо секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн -7...-12
күндүз -4…+1
Талас облусунда
түнкүсүн -7…-12
күндүз 0…-5
Баткен облусунда
түнкүсүн -2…-7
күндүз -2…+3
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -2…-7
күндүз -2…+3
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -4…-9
күндүз -2…+3
Нарын облусунда
түнкүсүн -12…-17
күндүз -7…-12
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. Ал эми күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10 градус, күндүз 0…-2 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 градус, күндүз 0…-2 градус болот.