Жаңылыктар
Экономиканы санариптештирүү
Кыргызстан жаңылыктары
Экономиканы санариптештирүү

Быйыл өкмөт өлкөнүн экономикасын санариптештирүү боюнча чоң жумуштарды алып барат. Бул боюнча Премьер-министрдин төрагалыгы алдында салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча координациялык кеңеш түзүлүп, алгачкы жыйыны өттү. Анда тиешелүү министрлик менен мекемелердин алдында так милдеттер коюлду. Алар жүзөгө ашырылса, бир жагы ишкерлер жеңилдиктерге ээ болот, экинчиси көмүскө экономика ачыкка чыгат. “Санариптик Кыргызстан” концепциясынын негизги бөлүгүн түзгөн санариптешкен экономиканы куруу багытында кандай иштер аткарылат?

Былтыр өкмөт санариптик экономиканын пайдубалын түптөөгө көп аракет жумшаса, быйыл көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга жана ачык иштеген бизнеске жеңилдиктер сезиле тургандай чоң жумуштарды ишке ашырууга бел байлады. Мындан улам бажы жана салык жол-жоболорун толугу менен электрондук гана тартипте ишке ашыргыдай шартты түзүү үчүн конкреттүү иш мерчемдер бекитилди. Алар кандай багытта жүзөгө ашаары жаңы түзүлгөн координациялык кеңеште талкууланып турат. 

Дал ушул көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында 1-апрелден баштап кошумча нарк салыгын төлөгөн ишкерлер бири-бири менен мурдагыдай кагаз эмес электрондук негизде эсеп-кысаптарды жүргүзө баштайт. Бүгүнкү күндө электрондук эсеп фактураларды 500дөн ашык компания колдонууда. Ишканалар ортосундагы электрондук соода-сатыкты салык кызматы он-лайн көзөмөлгө алып турат. 

Ал эми 1-июлдан тартып өлкөдөгү баардык май куюучу жайлар да жаңы автоматтык система менен иштей баштайт. Тагыраагы бир да тыйын сол чөнтөккө кетпестен, бюджетке түшөт. Ошондо фискалдык чек басылганда гана күйүүчү жана майлоочу май сатылат. Ага чейин Кыргызстан боюнча 925 май куюучу жайдын ар бирине атайын жабдуулар, көзөмөл кассалык машиналар орнотулат. Муну менен катар товарларды белгилөө багытында да көлөмдүү жумуштар жасалганы турат. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү катары экономиканы санариптештирүү менен эң негизгиси коррупцияны ооздуктай алат. Биримдиктеги соода рыногун эсепке алууга жетишет. Эң негизгиси ишкерлер мыйзамдуу гана иш алып барып, мамлекеттик кызматтарды, маалыматтарды электрондук түрдө алып, ашыкча убара болбойт.