Жаңылыктар
Чек ара маселеси талкууланат
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара маселеси талкууланат

Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы Дохма тилкесинен эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайтышты. Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бирок күчөтүлгөн тартип алына элек. Ал эми эртең эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу болот.

Чыр-чатак болгон аймакта абал турукташууда. Коопсуздуктан улам Көк-Таш айылындагы мектепке көчүрүлгөн эки жүз элүүдөй адам үйлөрүнө кайтышты. Ал эми мектепте окуу процесси жанданды. Окуяда чагымчылдыкка шектелген жарандар кармалганы кабарланды. Кыргыз тарап тажик бийлигине да мыйзам бузган жарандарына карата чара көрүүнү талап кылды. 

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу эки өлкөнүн мамлекет башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мыйзам бузгандарды жазалоо зарылчылыгы белгиленген. Президенттин тапшырмасы менен өкмөт өкүлдөрү 14-январда Тажикстанга барып, коңшу өлкөнүн жетекчилери менен жолугушат. 

Былтыр чек ара маселеси боюнча 3 багытта иш алып бара турган жумушчу топтор түзүлгөн. Өкмөттүн маалыматына таянсак, алар жалпысынан тажик тарап менен жыйырмадан ашык жолугушуу өткөргөн. Анын натыйжасында топографиялык карталардын көпчүлүгү даяр болду.

10-январдан он бирине караган түнү тажик жарандары Баткен районунун тургундарына таш ыргытышканы кабарланган. Мындай көрүнүш түнү менен эки ирет кайталанып, чек арачылар барган учурда ок да атылган. Ал эми күндүз кыргыз жарандары Ош - Баткен - Исфана жолун бууп, бир нече сааттан кийин ачылган.