Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, түнү бою чек арачылар жана укук коргоо кызматкерлери коопсуздукка көз салып турду.

Чек ара кызматы өткөн түнү Тажикстандын аймагынан мезгил-мезгили менен ок атуунун үнү угулганын билдирди. Чек арачылар аңчылык мылтыктын үнү болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Ал эми түнкү саат 12.40тар чамасында Баткен районунун Төрт-Көчө аймагынан тажик жарандары кыргызстандык жаранга таандык Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны таш менен ургулашкан. Анын терезеси талкаланган. Бул окуя боюнча Тажикстандын тиешелүү органдары маалымат бере элек. Учурда Баткен облусунун аймагында чек арачылар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.