Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер салык декларациясын электрондук түрдө гана тапшырууга өттү. Айкындама туура эмес толтурулса ага мамлекеттик кызматкер өзү жооп берет. Эл эми учурда бирдиктүү салык декларациясын толтурбаган же мүлкү, киреше-чыгашалары тууралуу маалыматтарды жашырган 14 миңден ашуун мамлекеттик кызматкерлерге байланыштуу материалдар прокуратура органдарына өткөрүлүп берилди.