Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү православдарды Иса пайгамбардын туулган күнү, Рождество майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчы - бул жакшылык менен ак ниеттүүлүккө жана бири-бирине жардам көрсөтүүгө чакырган өтө маанилүү майрам экенине өзгөчө токтолду.
Кыргызстан бардык салттуу диндерге сый мамиле кыларын белгилеп, жарандарды өлкөнү өнүктүрүү үчүн биргеликте кызмат кылууга чакырды.
Биздин көп улуттуу өлкөдө, биримдик коомдун өнүгүүсү үчүн негизги фактор болуп саналат. Рождество майрамы элибиздин биримдигин чыӊдап, өлкөдөгү ар кандай конфессиялар ортосундагы ынтымакты, сабырдуулукту сактоого зор салым кошот. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакубатчылык, жана ийгиликтерди каалайм,- деп жазылат президенттин куттуктоосунда.