Жаңылыктар
Өнүккөн өлкө - балдардын бакубат келечеги
Кыргызстан жаңылыктары
Өнүккөн өлкө - балдардын бакубат келечеги

2020-жыл "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо" жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктап жатып билдирди. Анда өлкө башчысы аймактарды өнүктүрүү өз нугунда уланарын айтып, өлкөнү туташ санариптештирүү жалгашарын белгиледи. Аны менен катар келечектин туткасы болгон балдарды колдоо мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты катары аныкталганын айтты.