Жаңылыктар
Жаңы жыл түнү өлкөдө 3 эгиз төрөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жыл түнү өлкөдө 3 эгиз төрөлдү

Жаңы жыл түнү өлкөдө 3 эгиз төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Эгиздер Бишкектеги Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордо, Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда жарык дүйнөгө келишти. 

Ал эми жаңы жыл түнү жалпы өлкө боюнча 261 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Анын ичинен 133ү эркек бала болсо, 128и кыз бала. Бишкек шаарында 67 эне көз жарды. Жарык дүйнөгө келген балдардын 34ү эркек, 34ү кыз. Эң көп төрөт Жалал-Абад облусунда болуп, 80 наристе жарык дүйнөгө келди.