Өлкө майрамдык шаңга бөлөнүп турган маалда мекен чегин коргоочулар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Жөнөкөй жайылган аскердик ак дастаркон. Түркүн түрдүү даамдагы тамак-аштар коюлбаса да жоокерлердин майрамды жакшы маанайда өткөрүүсүнө, каалоо тилектерди айтуусуна мүмкүнчүлүк бар. Эң негизгиси элдин тынчтыгы жана өздүк курамдагы куралдаш досторунун амандыгы айтылып, аз убакытка болсо да майрам белгиленүүдө.