Мындай демилгени Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы көтөрүүдө. Автандил Султанов темир тулпарына кышкы бут кийимди эми гана кийгизип жатат. Калың жааган кар унааны да айдоочусун да түйшүккө салды. “Унаамдын дөңгөлөгүн убагында алмаштырмакмын”,- деп, жаңы алгандыгына байланыштуу убакыт таппай жатканын айтты.
Кыштын келиши менен унаалардын дөңгөлөгүн алмаштыруу айдоочулардын негизги иши. Антпесе, аба ырайы кан жолдо эмне камдап турганын билип болбойт. Айрымдары кышкы мезгилге ылайыкталганын салса, кээбири бардык мезгилге ылайыкталганын тандашат. Бирок, биздин катаал климатка толук кышкы дөңгөлөктөр туура келет дешет.
Өткөн жылдын ноябрь айында күчүнө кирген ЕАЭБ өлкөлөрүнүн "Дөңгөлөктүү транспорттун коопсузду жөнүндө" техникалык регламентине ылайык, биримдиктин аймагында кыш мезгилинде жайкы дөңгөлөк менен жүрүүгө тыюу салынган. Бирок айдоочулар карманган негизги эреже Жол коопсуздугунун эрежесинде мындай норма жок. Андыктан, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесине өзгөртүү киргизүү маселесин көтөрүп жатат.
Аталган эреже азыркы учурда Россия Федерациясында иштеп жатат. Ага ылайык 1-декабрдан 28-февралга чейин жайкы дөңгөлөк менен жүрүүгө тыюу салынган. Бирок бизде сунушталып жаткан норма кандай тартипте иштеп, кайсы мөөнөт аралыгына тыюу салынат азырынча белгисиз. Анткен менен айдоочулар айып пул үчүн эмес, коопсуздук үчүн дөңгөлөктөрүн өз маалында алмаштырышса дешет.