Эми Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттерде иштеп жүргөндөрдүн эмгеги текке кетпейт. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде кайсы мамлекетте эмгектенгенине карабастан курагы келгенде пенсия чегерилип берилет.
Мындай шартты бекемдеген келишимге Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында уюмга мүчө мамлекеттердин Президенттери кол койду. Өзгөчө мындай чечим Кыргызстан үчүн маанилүү болуп турат.