Жаңылыктар
Кыргыз маданияты орду толгуз оор жоготууга учурады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз маданияты орду толгуз оор жоготууга учурады

79 жаш курагында, белгилүү кинорежиссер, Кыргыз Эл артисти Болот Шамшиев дүйнөдөн кайтты. Болот Шамшиев, кино тармагына "Манасчы" аттуу даректүү тасмасы менен кирген. Режиссердун бул тырмак алды чыгармасы 1965-жылы Германияда өткөн кинофестивалда баш байгеге татыган. 

Буга удаа эле "Караш-Караш", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Эрте жаздагы турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер" сыяктуу тасмалары жаралып, алар да авторго бир катар эл аралык сынактарда байгелүү орундарды алып келип турган.