Жаңылыктар
Бишкек шаарынын айрым аймактарында эки күн газ берилбейт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын айрым аймактарында эки күн газ берилбейт

23-декабрдан 25-декабрга чейин Бишкек шаарынын Атай Огонбаев, Курманжан Датка, Гражданская, Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Ишкананын маалыматына ылайык, газ берүүнү токтотуу авариялык жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу. Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.