Жаңылыктар
Борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо иштери уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо иштери уланууда

Борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. 21-декабрдын кечинде башталган кардын калыңдыгы 25 сантиметрге жеткен. Көчөлөргө жана тротуарларга 661 тонна техникалык туз себилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди. Эриген карды тазалоого атайын 25 техника тартылган. Белгилей кетсек, учурда Бишкекте тоңголок жолдорго туз себүү жана көчөлөрдү кардан тазалоо үчүн 700 жумушчу штаттык режимде иштеп жатат.

Борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн атайын топ түзүлүп, 40 бригада кызмат кылууда. Техникалар жолго кум сээп, эриген карды тазаласа, кызматкерлер тратуралар, көчөлөрдүн жана аялдамалардын жээктерин тазалашат.

21-декабрдын кечинде башталган кардын калыңдыгы Бишкекте 25 сантиметрге жеткен. Кардын жаап башташы менен аны жолдордон тазалоо үчүн көчөлөргө жана тротуарларга 661 тонна техникалык туз себилди. “Тазалык” муниципиалдык ишканасынын башчысы билдиргендей, быйылкы кышта жолду тазалоого 3500 тонна туз даярдалган. Учурда Бишкекте тоңголок жолдорго туз себүү жана көчөлөрдү карлардан тазалоо үчүн 25 техника жана 700 жумушчу штаттык режимде иштеп жатат. Мындан сырткары, “Тазалык” муниципиалдык ишканасынын 1350 кызматкери борбор калаанын тазалагын камсыздайт.