Жаңылыктар
М.Абылгазиев иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына барды
Кыргызстан жаңылыктары
М.Абылгазиев иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына барды

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына барды. Өкмөт башчы эки күндүн ичинде бир катар социалдык мекемелердин ачылыш аземине катышып, «Майлуу-Суу лампа заводу» ишканасынын жумушу менен таанышты. 

Мындан тышкары өкмөт башчы жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп көйгөйлүү суроолоруна жооп берди. Ошондой эле ал өлкөнүн калктуу конуштары жакынкы жылдары ичүүчү суу менен камсыз кылууну мерчемделгенин билдирди. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"