Жаңылыктар
Кыргызстан энергетикалык потенциалы күчтүү мамлекеттердин катарына кирет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан энергетикалык потенциалы күчтүү мамлекеттердин катарына кирет

Энергетика тармагында азыр 4 багытта иш алып баруу пландаштырылууда. 70 пайыз жабдууларды оңдоо, алынган кредиттерди кыскартуу, өндүрүлгөн электр энергиясын экспортко чыгаруу жана каржы булактарынын тунуктугун камсыз кылуу менен коррупцияга бөгөт коюу.

Энергетика тармагында эмгектенген 16 миңден ашык киши иштейт. Алардын бири 62 жаштагы Шайлообек Ооганов. 40 жылдан бери эмгектенип келе жаткан тажрыйбалуу адистин жумушу жоопкерчиликтүү. Ал Токтогул ГЭСнин өзүнө керектей турган электр энергиясын бөлүштүрүүчү трансформаторлорду жана чубалгыларды текшерип, авариялык алдын алуу иштерин аткарып, иштен чыкканын калыбына келтирет.