Бүгүн, СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев 79 жашында дүйнө салды. Ал, "Ак кеме", "Эрте келген турналар" жана "Бөрү зындан" аттуу бир нече кыргыздын керемет тасмаларын тарткан.
Эске салсак, Болот Шамшиев ноябрь айында кан басымы көтөрүлүп ооруканага түшкөн. Ошондон бери “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы” мамлекеттик мекемесинде дарыланып жаткан.