Жаңылыктар
Социалдык мекемелердин курулушу
Кыргызстан жаңылыктары
Социалдык мекемелердин курулушу

Коррупцияга каршы күрөштөн “Бирдиктүү депозиттик эсепке” түшкөн каражаттан жалпы 15 мектепке кошумча имараттар курулат. Азыркы учурда анын 9 курулуш иштери жүрүп жатат. Билим берүү мекемелеринин курулушуна бирдиктүү эсептен 799 млн сом бөлүнгөн. 

 Ал эми өлкө аймагы боюнча быйыл жалпы 96 социалдык мекеменин курулушун бүтүрүү пландалган. Анын 28и мектеп болсо, алты саламаттыкты сактоо мекемеси, мындан сырткары маданият, спорт жана турак жай имараттары бар.
Социалдык мекемелердин курулушунда көбүнчө мектептерге басым жасалууда. Азыркы күндө Кыргызстанда 2200дөн ашык мектеп бар, ал эми билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн дагы 600дөй мектеп салынышы керек. Мамлекет бул багыттагы курулуш иштерине каражатты жыл санап көбөйтүүдө.