Оштун Төлөйкөн айылына алгач ирет ичүүчү таза суу жетти. 6 миң элди камсыздоочу суу кампанын ачылышына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Ошко жасаган иш сапарында Абылгазиев, ошондой эле, жаңы типтүү орто мектептин, 2 жарым чакырымдагы жаңы жолдун да ачылышына күбө болду.
Араван районунун Кесов айылында 225 орундуу жаңы типтүү орто мектеп пайдаланууга берилди. №7 Момунжан Умаров атындагы билим уясынын ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.
“Ар бир өнүккөн мамлекеттин өзөгү – сапаттуу билим берүүдө”,- деген премьер-министр, Президенттин саясатын кармануу менен өкмөттүн ишиндеги негизги багыттардын бири билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен педагогдордун эмгек акысы жана иштөө шарттарын жакшыртуу экенин белгиледи. Жаңы билим уясына 10 компьютер комлект белек кылды.
1950-жылдары курулуган эски мектеп 2000-жылы авариялык абалга кептелген. 2014-жылы башталган курулуштун баасы 16 млн. сомду түздү. Акыркы эки жылда республиканын аймагында 350дөн ашуун социалдык объект салынса, мунун басымдуу бөлүгүн мектеп менен бала бакчалар түзгөн. Ошто быйыл 11 мектеп пайдаланууга берилди.
Соода, курулуш, дыйканчылык да билимди талап кылат. Аравандык жеке ишкер Каныбек Бекмурзаев да келерки бир жылдык кирешесин алдын-ала эсептеп алган. Бул үчүн ал, 65 млн. сомго заманбап күнөскана курган.
Азыр мында 100 киши туруктуу жумуш менен камсыздалды. 12гектар жер аянттын быйыл, 4,5 гектарын өздөштүрүлдү. Күнөсканын ишмердүүлүгү менен өкмөт башчы жакындан таанышты. Айыл-чарба продукциялары азырынча ички рынокту камсыздоодо. Табигый, нукуралуулугу менен бааланган кыргыз азыктарын келерки жылдан тартып экспортко чыгаруу мерчемделүүдө.