Жаңылыктар
Өлкө аймагында 21-23-декабрга чейин кар жаап, жолдор тайгак болот
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагында 21-23-декабрга чейин кар жаап, жолдор тайгак болот

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 21-декабрдан 23-декабрга чейин шашылыш билдирүү таратты. Билдирүүдө бул аралыкта өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөөрү айтылат. 21-декабрда күндүз жана 22-23-декабрларда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 24-26-декабрларда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20°, күндүз -8° суук, Чүй облусунун түндүгүндө -12°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -9° суук, күндүз…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -2°, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн-11°, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -25°, күндүз -10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн-30°, күндүз -15° суук болушу күтүлөт. Андыктан, тоолуу унаа жолу менен жол жүрүүгө камданып жаткан айдоочуларга КР ӨКМ төмөнкү чараларды эске алууну сунуштайт.