Дүйнөлүк банктын гранттык каражатына негизделген «Ачык маалыматтар» долбоору жыйынтыкталды. Анын алкагында ачык портал иштелип чыгып 15 мамлекеттик органдын маалыматы жайгаштырылды. Мунун натыйжасында ишкерлер чөйрөсү, изилдөөчү жана аналитикалык материалды дардаган адистер үчүн бардык маалыматтын жеткиликтүү болуусу камсыздалды.
Бүгүнкү күнү порталды өркүндөтүү үчүн 5 тиркеме иштелип чыкты. Бул тажрыйба дүйнөдө 2010- жылдан бери колдонууда келе жатат. Маалыматтын ачыктыгын камсыз кылуу жагынан Англия башкаларга үлгү боло алат. Ачык порталдан алынып даярдалган аналитикалык маалыматтар экономиканы көтөрүүгө өбөлгө болорун Бишкекте өткөн конференцияда белгиленди.
Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"