Жаңылыктар
Мамлекеттик ветеринардык кызматына 54 даана жол тандабас унаалар тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик ветеринардык кызматына 54 даана жол тандабас унаалар тапшырылды

Мамлекеттик ветеринардык кызматына 54 даана жол тандабас унаалар тапшырылды. Иш-чарага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, жаңы келген унаалар кызматтын ыкчамдыгын камсыздап, сапаттуу кызмат көрсөтүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Ветеринардык кызматка тапшырылып жаткан жол тандабастар Россия федерациясында өндүрүлгөн. Мал доктурлардын ишине ылайыкташып тоо- ташта жүрүүгө эсептелген. Жаңы унаалар ветеринарлардын ишин кыйла жеңилдетип, иштин натыйжалуулугун арттырат дейт Ысык-Ата районунун ветеринария кызматынын жетекчиси Иса Касымалиев. Унаалар ветеринардык кызматтын ар бир облустук жана райондук башкармалыктарына, Ош жана Бишкек шаарындагы 2 лабораторияга тапшырылат. Ар бир унаа заманбап жабдыктар жана GPS көзөмөл менен камсыздалган. Жайкы-кышкы дөңгөлөктөрү кошо берилди.

Иш чарага катышкан өкмөт башчы Ветеринардык системанын сапаттуу иши өлкөнүн ЕАЭБдеги үзүрлүү мүчөлүгүнүн кепилдиги экендигин белгиледи. Ветеринардык системанын милдети мал жандыктарды эмдөө гана эмес, биринчи кезекте жарандарыбыздын саламаттыгына кам көрүү болуп саналарын айтты. Андыктан кызматтын техникалык базасын чыңдоого артыкчылыктуу көңүл бурулуп жатат дейт.