Мындан ары курулуш жүргүзүүгө уруксат кагазы талап кылынбайт. Атайын мыйзам менен өзгөртүлгөн эреже ишкерлерге жеңилдик берет деп күтүлүүдө. Ошондой эле, курулуш тармагында иш алып баргандар керектүү бардык корутундуларды бир гана орган аркылуу ала алышат.
Курулуш менен алектенген ишкана өкүлдөрү тиешелүү корутундуларды алуу үчүн мекемелердин эшигин каккылап, документтерди ар жерден чогултушчу. Эми баарын бир орган аркылуу алууга болот. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде “Бирдиктүү терезе” иштеп жатат. Өрт коопсуздугу, курулуш коопсуздугу, экологиялык талаптарга байланышкан текшерүүлөрдөн кийин корутундуларды ишкерлер дал ушул жерден алып кетишет.
Тиешелүү корутунду чыккандан кийин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жер-жерлердеги бөлүмдөрүнөн уруксат кагаз берилчү. Мекеме анын зарылчылыгы жок деп тапты. Мыйзамга өзгөртүү киргизилип, эреже жеңилдетилди.
Бул быйылкы жылы жетишилген өзгөрүүлөр. Аны курулуш менен алектенген ишканалар да колдоого алууда. Себеби жаралып келген жасалма тоскоолдуктар жоюлуп жатат деп эсептешет.
Мындан сырткары курулушка байланыштуу долбоорлордун бардыгын электрондук форматта кабыл алууга камылга көрүлүп жатат. Бул үчүн сервердик жабдуулар сатып алынган. Тутумду бардык аймактарда жайылтуу үчүн бир жылдай убакыт керектелет.