Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунун жолчулары кышка карата даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунун жолчулары кышка карата даяр

Жалал-Абад облусунун жолчулары кышка карата даяр. Бул туурасында биздин каналга Жалал-Абад - Балыкчы жол башкармалыгынын жетекчиси Камилжан Абдыкалыков билдирди. Облус аймагында 2 миң чакырымга чукул жол болсо, аны 7 жол тейлөө ишканасы көзөмөлдөйт. Кыш айлары үчүн алардын бардыгы кар тазалоочу техникаларын даярдап, керектүү өлчөмдөгү күйүүчү, майлоочу майлар менен камсыз болушкан. 

Эң оор делген Чаткал - Алабука - Жаңыбазар - Кировка жолундагы Чапчыма ашуусунда дагы жол коопсуздугун жана кар көчкү коркунучун көзөмөлдөө үчүн даярдыктар көрүлгөн. Ал эми, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында облустун 7 районунун борбордук көчөлөрүндө үч чакырымдан кем эмес жол асфальтталып, жалпы 16 чакырым жол толук оңдолгон.