Жаңылыктар
Баткен шаарындагы бала бакча көйгөйү чечилди
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен шаарындагы бала бакча көйгөйү чечилди

Баткен шаарындагы бала бакча көйгөйүн чечүү максатында 140 орундуу мекеме пайдаланууга берилет. Бул үчүн 44 млн сом бөлүнгөн. Учурда Баткен шаарында 1 миң 200дөн ашуун бала бакчага барат. 

Калаада 4 мамлекеттик жана 7 жеке менчик балдар бакчасы бар. Учурда облустун аймагында жалпы 11 бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Анын ичинен алтоо чек арага жакын айылдарда жайгашат. Бардык курулуш иштерин 2020-жылдын март-апрель айларына бүткөрүү милдети коюлган.