Жаңылыктар
"Жеткиликтүү ипотека" долбоору ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
"Жеткиликтүү ипотека" долбоору ишке кирди

Мамлекеттик ипотекалык компания "Жеткиликтүү ипотека" долбоорун ишке киргизди. Эми бир гана бюджеттик эмес башка тармактарда иштеген жарандар да мамлекеттик ипотекалык компаниядан күрөө алууга мүмкүнчүлүк алды. 2019-жылы ипотека менен 600 үй-бүлө турак жай ала алды. 

Күрөөлүк насыялар 800 млн сомго чейин берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Элмира Абжапарова билдирди. Анын айтымында, учурда ипотекалык насыя алуу үчүн 4 миңден ашык киши кезекте турат.