Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды аныктоо жана түп тамырынан жок кылуу аракеттери жыйынтыгын бере баштады.
Алардын бири, жакында Коррупцияга каршы кызматы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында көптөн бери орногон жемкорлук схемасын аныктады. Анда курулушту көзөмөл кылган мамлекеттик кызмат адамдары тийиштүү маселелерди чечип берүү үчүн пара алып турган.