Жаңылыктар
Учурда кыргызстандыктардын орточо маянасы канча?
Кыргызстан жаңылыктары
Учурда кыргызстандыктардын орточо маянасы канча?

Учурда кыргызстандыктардын орточо маянасы 16 миң 563 сомду түзөт. Бул туурасында Финансы министрлиги билдирди. Маалыматта 2019-жылдын январынан тарта октябрына чейин бир айлык орточо эмгек акы 4,2 пайызга өскөнү айтылат. Мындай статистика өлкөдөгү жеке менчик жана мамлекеттик мекеме, уюмдарда төлөнчү маяналарды кошуп чыгарылган. 

Мындан сырткары, жыл башынан бери расмий катталган жумушсуздардын саны 81 миң 400гө жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,1 пайызга өскөнү белгилүү болду.