Президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий сапары соңуна чыкты. Эки өлкөнүн ортосунда билим берүү, маданият, укук багытында жана айыл чарба чөйрөсүндөгү бир катар документтерге кол коюлду. Мамлекет жетекчилери Кыргызстан менен Бириккен араб эмираттарынын мындан аркы алакасынын багыттарын аныктап, визит өз кезегинде кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берди.