Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлүүдө. “Айтматов жана кино” деген аталыш менен өтүп жаткан иш-чара улуу жазуучунун туулган күнүнө арналган. Аны “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы уюштурган. Бул сапар тасмалардын жаратуучуларына сыйлыктар ыйгарылды.