Жаңылыктар
ИИМ: Равшан Жээнбеков кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Равшан Жээнбеков кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков кармалды, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жээнбеков кечээ,12-декабрда министрликтин тергөө кызматы тарабынан кармалган.

"Кыргыз Республикасынын ИИМнин тергөө кызматы тарабынан КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 244- беренесинин 2-бөлүмү ("барымтага алуу") жана 264-беренесинин 1-2-3-бөлүмдөрүндө ("массалык башаламандыкты уюштуруу") көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенип жатат. 2019-жылдын 12-декабрында жогорудагы кылмыш иштерин жасоого шектелип Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жээнбеков Равшан Бабырбекович кармалды", - деп кошумчалашты министрликтен.

Учурда ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.