КТРКда көп жылдардан бери эмгектенген белгилүү журналист, телережиссер каналдын өнүгүүсүнө өз салымын кошкон Мырза Добутов 49 жаш курагында жол кырсыгынан каза болду. Ал 1970-жылдын 6-июнунда Баткен облусунун Булак-Башы айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин Журналистика факультетин бүтүргөн кесиптешибиз, эмгек жолун КТРКда операторлук кызматтан баштаган. Кийин "Кош келиңиздер" программасынын алып баруучусу болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн өзү туулуп өскөн айылында жерге берилди.
7-декабрда Орусиянын Смоленск облусунан Тула шаарына бара жатып жол кырсыгынан каза болгон Мырза Добутовдун сөөгү өзү туулуп өскөн Булак-Башы айылында жерге берилди. Ал көп жылдардан бери журналистика тармагында эмгектенип келген. Коштошуу зыйнатына кесиптештери, жоро-жолдоштору жана замандаштары катышты.
Мырза Добутов алгачкы эмгек жолун Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясында режиссердун ассистенти, телеоператор кызматынан баштаган. Кесиптештери аны чыныгы адис, өз ишинин чебери катары баалап келишет. Мындан сырткары ар дайым позитивдүү маанайда жүргөндүгүн эскеришти.
“Мырза өзү кесипкөй адам болчу. Профессионал оператор болчу. Оператордун көз карашы катары жакшы нерселерди көрчү. Адамдардын барына бирдей мамиле кылчуу да. Тамашакөй азиздиги бар эле да. Барын тамашалап турчу күлдүрүп. Эгер бир жака баратса кошуп алчуу жанына”,- деп эскерет кесиптеши Асыл Апасова.
“Мырзаке менен чогуу иштедик. Ал өзүмдүн бир тууган агамдан артык көргөн инсан. Бул кишинин сапатын айтып бере турган болсок. Бул киши-жакшы дос, жакшы ага, жакшы ини, жакшы кесиптеш болчу да. Адамгерчилик да деңгээли өтө бийик ушундай жакшы инсан эле. Тилеке каршы тагдыр ушундай экен. Биз эми эли-журтубузга, досторуна, жоро-жолдоштору, ата-энеси, бир туугандарына көңүл айтабыз. Кудайым бейишин берсин”,- дейт КТРКнын директорунун орун басары Шайырбек Абдрахман уулу.
Ишкер катары да ал ийгиликтүү иш алып баруу менен мекендин өсүп өнүгүүсүнө өзүнүн салымын кошуп келген. Жеке демилгеси менен жаштар арасында дени сак жашоону жайылтуу, спортту өнүктүрүү максатында Баткен шаарына 10 миллион сомдук спорт комплексин курдурткан.
Лайф: Мырза Добутовдун интервьюсу
“Мырза чынында Баткенди эле эмес Кыргызстанды сүйгөн, жалпы кыргызды сүйгөн мыкты инсан эле. Өмүрү кыска экен ушундай жаман иш болуп кетти. Биз барыбыз күтпөгөндөй. Баткен үчүн өзүнүн ар бир соцтармагы аркылуу Баткен үчүн деп Баткендин жетишкендиги болобу Баткенде кандай спорт тармагында, маданият тармагында адамдар чыга турган болсо сөзсүз түрдө даңазалап тураар эле”,- дейт досу Сыймык Бейшекеев.
Мырза Добутов социалдык тармактарда да активдүү эле. Ар бир билдирүүлөрү мекенчилдикке, эл-жерди сүйүүгө багытталчу. Кыргызстанда кандай гана жаңылык болбосун бөлүшүп, өзүнүн үнүн кошуп келген. Айрыкча спорт адамдарынын жетишкен ийгиликтерин колдоп, жарыялап турчу.
“Социалдык тармактарда эки-экиден эле бири-бирине негатив сүйлөгөн посттор, негативди жазгандар көбөйүп кетти. Эли журтубуз бири-бирине жакшы сөздөрдү жазса жакшы болмок. Мен дагы акыркы учурда социалдык тармактан чыгып кетишке туура келди, чыгып кеттим. Азыр мына эс алып калдым кадимкидей дейт та. Муну менен мен эмнени айткым келет ушул тирүүлүктө, ушул жарык дүйнөдө чын эле Мырза агабыз айтмакчы бири-бирибизге пазитивдүүлүктү, бири-бирибизге жакшы сөздү арнап, бири-бирибиздин жакшы жактарыбызды айта жүрөлү деген бир насаатын алып калдымда ушул сүйлөшүүдөн”,- деди КТРКнын директорунун орун басары Шайырбек Абдрахман уулу.
Жубайы, бир кыз, үч уулу, бир туугандары жана апасы Мырза Добутовду келбес сапарга узатып кала беришти. Ал акыркы жылдары Орусиянын Смоленск облусунда жашап, ишкерлик менен алектенип жүрчү.