Өлкөнүн Бажы тармагында санариптештирүү иштери уланууда. Алсак, Кыргызстан менен Кытай мамлекетинин чектеш аймагындагы Торугарт өткөрмө жайында оор жүк ташуучу автомашиналарды текшерүү үчүн жаңы инспекциялык тыкыр кароо комплекси ишке кирди. Бул физикалык кароону жокко чыгарып, убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт. Аталган комплекс жакынкы күндөрү Кыргызстан менен чектеш дагы 4 пунктта иштеп баштайт. Жаңы комплекстин ачылышына жана Ат-Башыдагы соода логистикалык борборду куруу пайдубалына капсула салуу аземине өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Жаңы соода логистика борборунун ишке кириши 10 миңден ашык жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылат, - деди премьер-министр.
Өкмөт башчынын Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн соода-экономикалык багытта өнүгүүсү жана санариптештирүү жаатындагы иштердин аткарылуусу боюнча иш-чараларга катышты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алгач Кыргызстан менен Кытай мамлекети чектешкен Торугарт көзөмөл өткөрмө жайында курулган инспектордук-текшерүү комплексинин бет ачарына катышты. Өкмөт башчы чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ата-мекендик экономика үчүн гана эмес, жалпы эле Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн экономикасы үчүн да маанилүү ролду ойнорун белгиледи. Ошондой эле Торугарт өткөрмө жайы ЕАЭБтин 3- өлкөлөр менен болгон соода алакасынын дарбазасы катары саналаарын айтты.
Урмат Жээнбеков, Биринчи радио
Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.