2020- жылдан тартып Улуттук статистика комитетти жер-жерлерден “Санарип аймак” программасынын негизинде маалыматтарды чогултуп баштайт.
Бүгүнкү күнү мекеме “Түндүк” системасы аркылуу 3-мамлекеттик орган менен маалымат алмашууну жүргүзүүдө. Бул өз кезегинде ишкерлердин отчет берүү түйшүгүн жеңилдетет деп билдирди адистер.
Ал эми 2020- жылы боло турган эл жана турак жай фондун катоо үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыгып, тестик режимден өтүп жатат.
Кененирээк аудиодон укса болот.
Назира Молдокулова, "Биринчи радио"