Жаңылыктар
Мырза Добутов жол кырсыгынан каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Мырза Добутов жол кырсыгынан каза болду

49 жаш курагында, КТРКда көп жылдар бою эмгектенип, каналдын өнүгүүсүнө өзүнүн салымын кошкон Мырза Добутов жол кырсыгынан каза болду. Ал 6-июнда Баткен облусунун Булак-Башы айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин Журналистика факультетин бүтүргөн кесиптешибиз, эмгек жолун КТРКда операторлык кызматтан баштаган. Кийин "Кош келиңиздер" программасынын алып баруучусу болгон. 

Мырза Добутов ырчылардын чыгармаларына клип тартуудагы жаңычылдыктын киргизген инсан эле. Ал тарткан клиптер азыр да актуалдуулугун жоготпой КТРКнын "Музыка" каналынан тынымсыз берилип, архивинде сакталуу. Добутов ОРТ каналынан билимин өркүндөтүп "Замана" студиясынын жана "Багыт" программасынын режиссёру болуп эмгектенген. Кийин Баткен телевидениесинин директору кызматын аркалаган.