Жаңылыктар
Ош шаарында “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз” аталышында флешмоб өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз” аталышында флешмоб өттү

Оштогу мектептердин биринде “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз” аталышында флешмоб өттү. Акция 16 күн бою уланып, ар бир күнгө иш-чаралардын планы бекитилген. Анда, класстар аралык ачык сааттар уюштурулуп, окуучулар арасында өзүн-өзү алып жүрүү маданияты боюнча талкуу жүрөт. 

Иш-чаранын максаты - жаштар арасындагы жосунсуз жоруктарды болтурбоо, алдын алуу жана окуучулардын өз укуктарын коргой билүүсүнө кеңеш берүү.