Жаңылыктар
Кыргыз сотунун түптөлгөнүнө 95 жыл толду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз сотунун түптөлгөнүнө 95 жыл толду

Бул мааракелик датага арналган саамалык бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өттү. Иш-чарага Президент Сооронбай Жээнбеков катышып, өлкө башчысы сот тутумундагы реформалардын жүрүшү, санариптештирүү, жаңы кодекстердин ишке ашырылышы боюнча кыска жыйынтык чыгарып, сот тармагында алдыда жасала турган артыкчылыктуу багыттарды атады. 

Адилеттүү, ачык-айкын жана көз карандысыз сот системасын курбай туруп, мамлекетти өнүктүрүү, жарандардын укугун коргоо, адилет мамлекеттик башкарууну түзүү мүмкүн эместигин өзгөчө белгиледи.