Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Тармакты мааракеси менен куттуктаган президент сот органдары дээрлик бир кылымдык тарыхый мезгил ичинде мамлекеттик бийликтин бир бутагы болуп калыптанып, даңктуу жолду басып өткөнүнө өзгөчө токтолду.
Мамлекет башчы бул убакыт аралыгында сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана соттордун ролун күчөтүү боюнча маанилүү кадамдар жасалганын белгиледи. Анын айтымында, адилеттүү, ачык-айкын, көз карандысыз сот тутумун курбай туруп, мамлекетти өнүктүрүүгө болбойт. Ансыз экономиканы, социалдык чөйрөнү алга сүрөө, жарандардын укугун коргоо, адилет мамлекеттик башкарууну түзүү мүмкүн эмес. Сот реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекет жетиштүү акча каражатын бөлүүдө. Сот системасынын ачыктыгын, адилеттүүлүгүн камсыз кылуу максатында санарип технологиясы киргизилип, материалдык база жакшырууда.