Тогуз айга жакын созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин эки өкмөт башчыдан тартып, чоң кызматтарды ээлеген адамдарга айыбы угузулду. Эскерте кетсек, 2018-жылдын январь айында ЖЭБде авария болуп, 30 градуска жеткен суукта шаар эли бир нече күн бою сууктун туткунунда калышкан.
Маселенин келип чыгышын иликтөө максатында Жогорку Кеңеште комиссия түзүлүп, эл өкүлдөрү кырсыктын себептерин иликтейбиз деп жатып, ири долбоорду ишке ашырууда көмүскө мыйзамсыз иштер жасалганын аныкташкан. Алардын орчундуусу химиялык цехтин курулбай калышы, адистер ошол химиялык цехтин жоктугу аварияга себеп болгонун белгилеп келет.
Ошондой эле, ЖЭБди оңдоп-түзөө иштери техникалык экономикалык негиздемеси жок ишке ашырылган, модернизациялоо боюнча баасы төмөн сунуштар түшкөнүнө карабай, эмнегедир ТВЕА компаниясы эч кандай тандоосу жок тандалып алынган. Кыскасы бул стратегиялык объектиде жасалган жумушта узун тизме мыйзам бузуулар аныкталган.