Жаңылыктар
Чек ара менен бажыдагы реформа
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара менен бажыдагы реформа

Мамлекеттик чек ара кызматы да бажы кызматы менен бирге Санарипке толук кандуу өтүп жаткан тармактардын катарында. Адам саны тынымсыз агылып турган чек ара өткөрмө пункттарында коопсуздук эрежелерин сактоо максатындагы видеокөзөмөлдүн иштеп туруусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Учурда Чек ара өткөрмө пункттарында 120 видеокөзөмөл камералары орнотулган.

Биринчи этапта көзөмөлдөп өткөрүүчү төрт пункттун маалымат системасы менен камсыз болуусу, “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Чалдовар” жана “Достук” пункттарынын ишин жеңилдетти.

Бул эл аралык өткөрмө пункттарында элдин агымы үзүлбөйт. Маалыматтар Чек ара кызматынын Борбордук аппаратындагы мониторинг борборуна Он-лайн режиминде жетип турат. Ар кандай мыйзам бузуулар менен коррупциялык көрүнүштөрдү алдын-алуу максатында офицерлер күндүр-түндүр көзөмөлдө. Жыл аягына чейин Чек арадагы бардык өткөрмө пункттарын көзөмөлдөө санарипке өткөрүлүп, модернизациялоо жолу менен бирдиктүү системага кошуу аракеттери көрүлүп жатат.