Жаңылыктар
Медициналык тейлөөнү санариптештирүү
Кыргызстан жаңылыктары
Медициналык тейлөөнү санариптештирүү

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук ыкмага өткөрүп, анын арты менен ар кандай кагаз иштеринен арылып, жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында бардык мамлекеттик мекемелерди санариптештирүү уланууда. Мындай чаралардан медицина тармагы да четте калган жок. 

Быйыл Президенттин буйругу менен аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында борбор калаадагы тез жардам кызматын жана Улуттук Фтизиатрия борборунда кызмат көрсөтүү, өздүк курамдын иш алып баруусу толук электрондук ыкмага өткөрүлүүдө. Маселен, буга чейин жарандар кургак учук оорусуна анализ тапшырып, анын жыйынтыгын 3 айлап күтсө, азыр бул процедура 2 саттан 7 күнгө чейинки гана убакытты алат. 

Бул медицина тармагындагы санариптештирүүнүн бир гана бөлүгү. Мындан сырткары тез жардам кызматы азыр санарип ыкманы толук пайдаланып жатышат. Алдыда санариптештирүү милдеттүү камсыздандыруу фондуна, ага катар бардык бейтапканаларга артыкчылыктуу түрдө киргизилмекчи. Мамлекеттик кызмат көрсөтүнүү электрондук ыкмада жүргүзүү мамлекеттик кызматкер менен адамдын ортосундагы байланышты да жокко чыгарып, паракорчулукту да алдын алууга өбөлгө болууда. Медицина тармагын санариптештирүүдөн жарандар кандай жеңилдиктерди сезишти?