Жаңылыктар
Кыргызстан менен Россия 2020-жылды бири-бирине арнайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Россия 2020-жылды бири-бирине арнайт

Кайчылаш жылдын алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү. Ага эки өлкөнүн саясат таануучулары, экономикалык маселелер боюнча эксперттер, Жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышты. 

Тараптар маданий-гуманитардык багыттагы иш-чаралар менен катар, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын мааракелик иш-чаралары да өтөөрүн маалымдашты. Ошондой эле, өлкөлөр ортосундагы достукту андан ары өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.