Кыргызстандыктар жаңы жылдык майрамдан кийин 7 күн эс алат. Өкмөт 2020-жылы дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында «2020-жылы дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу республиканын жарандары 1-январдан 7-январга чейин, ошондой эле 1нен 5-майга чейин май майрамдары учурунда эс алышат.
Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору учурда министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу процедурасынан өтүүдө.