Жаңылыктар
“Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы расмий ишке киришти
Кыргызстан жаңылыктары
 “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы расмий ишке киришти

Кыргызстанда “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы расмий ишке киришти. Академиянын ачылыш аземи бүгүн, "Манас" эпосунун күнүнө туура келди. Иш-чарага Президент Сооронбай Жээнбеков катышып, өлкө башчысы Улуттук академиянын алдында турган милдеттерди, "Манасты" жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын дүйнөгө жайылтуу иштериндеги артыкчылыктуу багыттарды атады. 

Эске салсак, “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы ушул жылдын башында, президенттин жарлыгынын негизинде түптөлгөн.