2020-жылы Социалдык фондго республикалык бюджеттен 96 млн. сомго көбүрөөк каражат бөлүнөт. Ал эми пенсияны жеткирүүдөгү "Кыргыз почтасына" төлөнүүчү каражаттын көлөмү азаят. Деген менен бир катар депутаттар "Кыргыз почтасына" төлөнүүчү каражаттын азайышына каршы экендиктерин билдирип, бир топ кызматкерлер ишсиз калаарын айтып чыгышты.
Мындан сырткары жыл өткөн сайын пенсионерлердин саны көбөйө тургандыгы белгиленип, бул багытта атайын аракеттер көрүлүшү керектиги сунушталды.
Гулнура Сманбекова, "Биринчи радио"
Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.