Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Азаттык Медиа" мекемесинин журналисттери Али Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун суракка келүүсүн камсыздап берүүнү суранды. Учурда атайын тергөө топ Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренеси жана 130-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Ага ылайык, аты аталган журналисттердин катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш экени белгиленген.
Маалым болгондой, 2019-жылдын 2-декабрындагы “Азаттык Медиасынан” келген катта, аталган журналисттер чет өлкөдө жүргөндүгүнө байланыштуу скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр. Бирок, Кыргызстандын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу, же башка техникалык байланыш тартибинде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Жазык-процесстик кодексинин аралыктан суракка алуу беренесине дал келбейт.
Ошондуктан, мыйзам талаптарына ылайык, тергөө органына "Азаттык Медиа" мекемесинин кызматкерлери Али Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун келип берүүсүн камсыз кылууну сурайбыз - деп айтылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.