Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Азаттыктын» иликтөөсүнө байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка барды. Атайын кызмат 2-декабрда иликтөөгө тиешеси бар адамдардын баары күбө катары суракка чакырыларын билдирген. 2-декабрда Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Дүйшөн Төрөкулов да сурак берип чыкты. УКМК андан тышкары парламенттин мурдагы депутаты Ширин Айтматова, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүн суракка чакырыларын жарыялаган.
Атайын кызмат анын ичинде «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Али Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду 2-декабрда күбө катары суракка чакырган.
УКМК журналисттик иликтөөдөгү фактылар боюнча ишти Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иликтеп жатат.