Жаңылыктар
“Мен ырдасам - мен жашайм” аттуу кайрымдуулук концерти өттү
Кыргызстан жаңылыктары
 “Мен ырдасам - мен жашайм” аттуу кайрымдуулук концерти өттү

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата Спорт ордосунда кайрымдуулук концерти өттү. Анда эстрада ырчылары менен катар мүмкүнчүлүгү чектелген, таланттуу жаштар ырдашты. Өлкөдөгү кайрымдуулук коому уюштурган “Мен ырдасам - мен жашайм” долбоору 10 жылдан бери майып жарандар үчүн сахнага чыгып ырдоо мүмкүнчүлүгүн жаратып келет.

19 жаштагы Сыргайым келечекте чоң сахнаны багындырсам деп кыялданат. Бала кезинен бери чыгармачылыкка аралашкан кыз көп кароо-сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырган. Ал кайрымдуулук фонду уюштурган концертте көрүүчүлөргө өз өнөрүн тартуулайм деп кубанып, толкунданып турат.

Аталган коом долбоор аркылуу 10 жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында сынак өткөрүп келет. Өлкөнүн аймактарынан тандалып алынган жеңүүчүлөр кайрымдуулук концерттерин уюштуруп, мүмкүнчүлүгү чектелгендигине карабастан аймактарды кыдырып, каражат табышат.

Долбоордун катышуучуларынын арасында Казакстан, Орусия сыяктуу коңшу өлкөлөргө чыгып, эл аралык сынактарга катышып жүргөндөрү да бар. Балдары үчүн мындай мүмкүнчүлүктөрдү жаратып келе жаткан уюштуруучуларга ата-энелер ыраазычылыгын билдиришти. Кайрымдуулук концертинде ар бир таланттуу бала эстрада ырчылары менен дуэт ырдашты. Өнөрү менен эл алдына чыккан өзгөчө аткаруучуларды көрүүчүлөр жылуу кабыл алышты.