Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Азаттыктын» иликтөөсүнө тиешеси бар адамдардын баары суракка чакырыларын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ишти иликтөөнүн жүрүшүндө бүгүн, Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов сурак берди. Алдыда эл өкүлү Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматова, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү суракка чакырылат.
Атайын кызмат анын ичинде «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду 2-декабрда күбө катары суракка чакырды. УКМК ишти Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иликтөөдө. Журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында мекеме аралык тергөө тобу иштеп жатат.